Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

ОшМУ: шайлоодо кызматынан четтетилген декан сотко кайрылды


Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда жумушунан алынган Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин мурунку деканы Бакыт Муратбаев кайра кызматына калыбына келтирүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Ал өзүнүн жумуштан алынышын мыйзамсыз деп эсептейт.

Муратбаев 2021-жылы ноябрда Жогорку Кеңештин шайлоосуна үгүт иштерине аралашканы үчүн иштен алынган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, декан Бакыт Муратбаев жана дагы үч окутуучу кызматтан алынганын билдирген. Алар парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Ош шаарынын борбордук аянтында “Азаттык” партиясынын үгүт ишине студенттерди жибергени айтылган.

Учурда ректор Кудайберди Кожобеков жана үч окутуучу кызматына кайрадан барып, иштеп жатат. Ал эми декан Бакыт Муратбаев кызмат ордуна кайра дайындалбаганы үчүн Ош шаардык сотуна кайрылган.

Муратбаевдин жумушка кайтуу аракетине айрым окутуучулар каршылык билдирип, ал буга чейинки коррупциялык иш-аракеттерге аралашкан деп айыпташкан.

Бакыт Муратбаев дооматтарды четке кагып, жалпы жамааттын нааразылыгы жок экенин, болгону кээ бир мугалимдердин уюштурганы экенин айтууда.

Ал буга чейин ОшМУда төрт жолу декан болуп иштеген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо былтыр 28-ноябрда өткөн. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG