Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Орусияда бир күндө 180 миң адамдан коронавирус табылды


Москвадагы оорукана. 19-сентябрь,  2021-жыл.
Москвадагы оорукана. 19-сентябрь,  2021-жыл.

Соңку бир сутканын ичинде Орусияда 180 071 киши коронавирусту жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу 6-февралда Орусиянын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы билдирди. Маалыматка ылайык, жекшембидеги көрсөткүч бир күн мурдагыга салыштырмалуу 2800 жаңы учурга көбүрөөк.

Бир ай мурда Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик 10 эсе аз болчу. Январь айынын ортосунда бир күндө 17 миң адамдан коронавирус аныкталып жаткан.

Орусиянын ыкчам штабы вирусту жугузуп алгандардын саны өскөнү менен андан көз жумгандардын саны азайып бара жатканын, 6-январда бул илдеттен 796 киши кайтыш болсо, акыркы бир суткада 661 киши көз жумганын маалымдады.

Инфекция күчөп жатканына карабастан, өткөн аптада президент Владимир Путин өкмөт айрым чектөөлөрдү жумшартууну көздөп жатканын айткан.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда пандемия башталгандан бери 12,8 миллион киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын 335 миңден ашууну кайтыш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG