Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

"Манас Ордо" комплексинин директору болуп Марат Дооронбеков дайындалды


"Манас Ордо" комплекси.
"Манас Ордо" комплекси.

Таластагы Улуттук "Манас Ордо" комплексине Марат Дооронбеков директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 5-февралда маалымдады.

51 жаштагы Дооронбеков буга чейин мугалим, мектеп директору жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Кыргыз Улуттук университетин тарых адистиги боюнча аяктаган.

Комплекстин мурдагы директору Ормошбек Чоюнбаев өткөн жылдын декабрында кызматтан алынган. Ал чечим мыйзамсыз деген негизде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин сотко берген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG