Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Исфана жана Баткенге учак каттамдарын көбөйтүү сунушталды


Исфана шаарындагы аэропорт.
Исфана шаарындагы аэропорт.

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Эки фракция бул чогулуштун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке токтом сунуштамай болду. Ага ылайык депутаттар аймакка инвестиция тартуу үчүн өкмөттүк кепилдикти кайра карап чыгуу, курулушу бүтпөй турган облустагы 33 социалдык объектини бүтүрүү, айланма жолдорду куруу менен Баткен, Исфана шаарларына жумасына бир жолу эмес, бир нече ирет учуучу рейстерди уюштуруу сунуштарын берүүнү макулдашты.

Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы маалымдады.

Жыйында сөз сүйлөгөн президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев өткөн жылдагы куралдуу жаңжалда облус 1 млрд. 300 млн. сом зыянга учурап, тургундарга 140 жаңы үй курулганын, ишкерлерге кенемте төлөнгөнүн айтып, жакын арада дагы чек арадагы кагылышуудан жабыр тарткандарга 84 млн. сом төлөп берүү каралып жатканын билдирди.

Исфана менен Баткен шаарына азыркы тапта жумасына бир ирет аба каттамы бар. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG