Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:26

Парламенттин эки фракциясы Лейлекте көчмө жыйын өткөрүүдө


Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө.
Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Жыйында Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы, өткөн жылдын апрель айынын соңундагы куралдуу жаңжалдан кийин кайра калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү талкууланып жатат.

Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы жеринен билдирди.

Чогулган депутаттар Ош-Исфана жолунун Ноокат участогунун курулушу, Бишкек - Исфана аба каттамы баштаган алты маселени карашууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев өткөн жылдагы куралдуу жаңжалда облус 1 млрд. 300 млн. сом зыянга учурап, тургундарга 140 жаңы үй курулганын, ишкерлерге кенемте төлөнгөнүн айтып, жакын арада дагы чек арадагы кагылышуулардан жабыр тарткандарга 84 млн. сом төлөп берүү каралып жатканын билдирди.

27-28-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжал тууралуу маалымат да угулат. Бул маселеге карата отурум басма сөз өкүлдөрүнө жабык өтүүдө.Баткен облусунун тургундары кыргыз-тажик чек арасын тактоону тездетүү жана жумуш орундарын түзүү менен миграциянын агымын кыскартууну башкы маселе экенин айтып келет.

27-28-январда Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө тилкелеринде дагы кагылышуу болуп, Кыргызстандан 12 адам жаракат алган. Тажикстандын расмий "Хобар" агенттиги бир адам каза болуп, он адам жаракат алганын кабарлаган.

Чек арага жакын жашаган миңдеген адамдар үйүнөн убактылуу чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Эки өлкө ортосундагы талаштуу тилкелердин айынан чек арада чыр-чатак байма-бай катталып келет. 2021-жылы жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (JsA/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG