Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Темировдун милицияга каршы арызын Бишкек прокуратурасы териштирет


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Журналист Болот Темиров Башкы прокуратура анын ички иштер органдарынын кызматкерлерине каршы жазган арызын Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөткөнүн билдирди. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына башкы көзөмөлдөөчү органдан келген катты жарыялады.

Өткөн айда Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

"Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы материалда "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары бул маалыматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG