Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:40

Сотто Орхан Инанды өзүнө тагылган айыптарды четке какты


Орхан Инандыны колдоо акциясы. Бишкек, Кыргызстан.
Орхан Инандыны колдоо акциясы. Бишкек, Кыргызстан.

3-февралда Түркиянын башкалаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү. Бул тууралуу "Сабах" басылмасы билдирди.

Сотто Орхан Инанды ушул жашка чейин эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаганын айткан. Ошондой эле ал Кыргызстанга "Сапат" билим берүү мекемелеринде иштөө үчүн барганын, 2001-жылдан бери бул мекемелердин директорлор кеңешинин төрагалыгын аркалаганын билдирген.

Орхан Инанды Түркиядагы төңкөрүш аракетин айыптап, аны жасагандар жазаланышы керектигин айтты деп жазды басылма. Соттогу көрсөтмөсүндө колу операцияга муктаж экенин, соттун көзөмөлү менен бошотууну өтүнгөн. Бирок сот анын камакта кармоо чечимин күчүндө калтырып, кийинки отурумду 14-апрелге жылдырды.

Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Ага "Куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды өткөн жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети Орхан Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар экенин билдирген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG