Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

"Эл ынтымагы" уюмунун бийликти басып алууга айыпталган мүчөлөрү бошотулду


УКМК.
УКМК.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалган Бекназар Купешов менен Нурбек Калекеевди 2-февралда эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылы парламенттик шайлоонун алдында, 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын маалымдаган.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрү болгон.

Буга байланыштуу Жазык кодексинин 38-309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.

2021-жылы 23-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Жетигенов бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG