Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык карай баштады


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карап жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берүүдө.

Мунун алдында бир катар депутаттар атайын кызматтын жетекчиси коомчулукта талкуу жараткан, Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө беришин талап кылышкан.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясында караларын билдирген.

Былтыр май айында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги мындай чечим тажик жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирген. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.

Ал эми кыргыз бийлиги бул протоколго ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол куруларын ырастаган. Бирок бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин маалымдаган.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тарап башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атканын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган.

Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG