Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:11

Сот Навальныйды "террорчулар" тизмесинен чыгаруудан баш тартты


Орусиядагы оппозиция лидери, камактагы Алексей Навальный. 17-январь, 2021-жыл.
Орусиядагы оппозиция лидери, камактагы Алексей Навальный. 17-январь, 2021-жыл.

Орусиянын Владимир облустук соту камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын "террорчулар" тизмесинен чыгаруу өтүнүчүн четке какты.

Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, Навальный бул тизмеге "экстремисттик деп таанылган уюм түзгөнү үчүн, административдик мыйзам бузууларга барганы үчүн жана ага каршы экстремизм боюнча кылмыш иши козголгону үчүн" киргизилген.

Сотко видеобайланыш аркылуу катышкан Навальный анын ишмердүүлүгүндө "экстремисттик" эч нерсе болбогонун айтты.

"Уруулар, эки жүздүүлөр, жеткен калпычылар үчүн кимдир бирөөнү болбогон нерселер үчүн айыптап, "бул террорчу" деп так айта алганы үчүн мен "террорчу жана экстремист" деп таанылып, түрмөдө отурам",-деди Навальный.

25-январда орус бийлиги камактагы Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйды жана анын бир нече санаалашын "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине кошкон.

Навальный "Ив роше" иши боюнча 2,5 жылга кесилген, ал мунун саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

Былтыр Мосгорсуд Навальныйга байланышы бар баардык уюмдарды "экстермисттик" деп тапкан. Бул уюмдар менен кызматташкан адамдар да узак убакытка кесилиши мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG