Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

Конституциялык палатанын төрагасы кызматтан кетүү үчүн арыз жазды


Карыбек Дүйшеев.
Карыбек Дүйшеев.

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди. Ал президент Садыр Жапаров Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга өтүнүч жолдогонун айтты.

Алмасбек Абытов президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.

Карыбек Дүйшеев бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган, Конституциялык палата тогуз судьядан турат. Ал соңку чечими тууралуу комментарий бере элек.

Нургүл Бакирова президентке кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу 31-январда арыз жолдогон.

Ал кызматка былтыр апрелде шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.

Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Жогорку соттун судьясы катары Бакирова коомчулуктун калың катмарына эки жыл мурдагы октябрь окуяларынан кийин тааныла баштаган. 2020-жылдын 6-октябрында абактан тарапкерлери бошотуп чыккан Садыр Жапаровдун "адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти Башкы прокуратурага сотко чейинки өндүрүшкө жөнөткөн.

Жогорку сотко төрайымы болуп шайланганын ушул чечими менен байланыштыргандар болгон, бирок аны Бакирова четке кагып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG