Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатынан сегиз байге алышты


Ташкент, Өзбекстан. 30-январь, 2022-жыл.
Ташкент, Өзбекстан. 30-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы 22 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатынан төрт күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдиришкендей, мелдеш 22-30-январь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.

Күмүш байгелерди Мирзохид Имамназаров (63,5 кг), Султан Асанкул уулу (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Рустам Ырысбек уулу (92 кг), коло байгелерди Анвар Ходжиев (48 кг), Рыспек Бектенов (60 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (86 кг) алды.

Таймашка 12 өлкөдөн келген (Ирак, Иордания, Жапония, Малайзия, Монголия, Сауд Аравиясы, Шри-Ланка, Тажикистан, Өзбекстан жана Кыргызстан) 109 мушкер катышып, кыз-келиндер арасында 12, эркектер арссында 13 салмакта байгелер ойнотулду. Кыргызстандан бул чемпионатка 12 боксчу барган. Аларды башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучу Улан Сагынбаев коштоп барды. Кыргызстандык эл аралык даражадагы калыс (IBA калысы) Бекзад Абдурашидов таймаштарга калыстык кылды. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG