Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Алматыда ондогон адам жакындарын бошотууну талап кылды


Алматынын прокуратурасына жакындарын бошотууну талап кылып келгендер. 31-январь, 2022-жыл.
Алматынын прокуратурасына жакындарын бошотууну талап кылып келгендер. 31-январь, 2022-жыл.

Алматы шаардык прокуратурасынын алдына чогулган ондогон киши январь окуяларында кармалган жакындарын бошотууну талап кылышты. Алардын айрымдары туугандары убактылуу тергөө жайында «эч күнөөсүз» отурганын айтышты. Алар «Боштондук!» деген ураандарды чакырып турушту.

"Улуу балам 16-январда ажылыкка кеткен. 26-январда учактан түшө электе кармалды. Аны тосуп алууга барган кичүү уулум эки досу менен кошо кармалды. Балдарым эч кимге зыяны жок адамдар. Калаа прокурорунан балдарымды бошотууну талап кылам",-деди акцияга чыккандардын бири Шергүл.

Алматы шаарынын прокурору чогулгандарга чыккан жок. Бостандык районунун прокурору Ерлан Омарбаев чыгып, арыз жолдоо керек экенин айтты.

Расмий маалыматка ылайык, январь окуясы боюнча жалпы 2044 кылмыш иши козголуп, 800дөн көп адамды камоо тууралуу соттун чечими чыккан. Бийлик он миңден ашуун адам кармалганын билдирген.

Мурдараак Amnesty International баштаган бир нече эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар камактагылардын тагдыры тууралуу маалымат жоктугуна тынчсызданган. Казак бийлигин колдо болгон бардык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга жана адам укуктарын сактоого чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG