Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Иранда жүздөгөн мугалимдер нааразылык акциясына чыгышты


Ирандагы мугалимдер. 29-январь, 2022-жыл.
Ирандагы мугалимдер. 29-январь, 2022-жыл.

Иранда жүздөгөн мугалимдер нааразылык акциясына чыгып, айлык акынын убагында төлөнүшүн, пенсия маселесинин чечилишин жана камактагы кесиптештеринин бошотулушун талап кылышты.

31-январда мугалимдер Тегерандагы парламент имаратынын жана башка шаарлардагы билим берүү башкармалыктарынын алдына чыгышты. Буга чейин алар эки күн мектептен чыкпай каршылык акциясын өткөрүшкөн.

Өткөн айда Ирандын парламенти бир нече күндүк каршылык акцияларынан кийин мугалимдердин маянасын көтөрүүгө макул болгон.

Соңку жумаларда агартуучулар бир нече ирет митингге чыгышты. Коопсуздук күчтөрү акциянын айрым катышуучуларын кармап кетишкен. 31-январдагы демонстрацияда да кеминде беш адам кармалды. АКШнын санкцияларынан улам Иранда инфляция болуп көрбөгөндөй жогорулады.

Ирандагы адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөгөн Нью-Йоркто жайгашкан борбор өткөн айда билдиргендей, Тегеран "ойлоп табылган айыптар" менен мугалимдердин укуктары үчүн күрөшкөн ондогон активисттерди түрмөгө камаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG