Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:59

Ташиев: инимдин мандаты тууралуу маселени шайлоочулар, фракция чечет


Шаирбек Ташиев.
Шаирбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты, бир тууган иниси Шаирбек Ташивдин мандаты тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна учкай жооп берди. Анда бул маселени анын шайлоочулары менен парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы чечерин билдирди.

"Анын өзүнүн шайлоочулары бар. Мен өзүмдүн оюмду айттым. Шайлоочуларынын, фракциянын чечимине мен кийлигише албайм",- деди Ташиев.

Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Шаирбек Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын иликтөөсүндөгү маалыматтар текшерилгенден кийин кабыл алынарын билдирген.

Бир аптадан ашык убакыт мурун Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыяланган. Эки күндөн кийин анын автору Болот Темиров жана командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Бул окуядан улам Камчыбек Ташиев иниси депутаттык мандатын тапшырарын билдирген.

Шаирбек Ташиев соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып келген жана парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG