Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:22

"Швецияда швед тилинен сабак берем". Журтташтар


Швеция.
Швеция.

Дүйнөнүн кайсыл гана булуӊ-бурчуна барбагын, кыргыздын ондогон, жүздөгөн, атүгүл миӊдеген кымыз жыттанган уул-кыздарын жолуктура аласыӊ азыр. Алардын ар кимисинин өзүнчө тагдыры, өмүр таржымалы бар. Ар кимиси Кыргызстандагы бир же бир нече үй-бүлөнүн багуучусу.

Ошол журтташтарыбыздын бири – алыскы Швецияда 2002-жылдан бери жашап-иштеп жаткан Гүлжигит Ормоновду эл-журтунан кабар алып келген учурунда кепке тартып баарлашып калдык.

- Ала-Тооӊузга кош келипсиз, Гүлжигит мырза! Маегибизди өзүӊүз жөнүндө айтып тааныштыруудан баштасаӊыз?

- Рахмат. Мен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын кулунумун. Үй-бүлөдө сегиз бир тууганбыз. Ата-энебиз өмүр бою ак эмгек кылып, бизди эл катары багып өстүрүштү. Орто мектепти бүткөндөн кийин мен деле курбуларымдын катарында жогорку окуу жайында окуп билим алууга аракет кылып көргөнмүн. Тилекке каршы, максатым орундалган жок. Анын өзүнчө себеби бар, албетте. Ал кезде баарын акча чечип калган заман эмес беле?..

Гүлжигит Ормонов келинчеги Салкын жана кыздары менен
Гүлжигит Ормонов келинчеги Салкын жана кыздары менен

- Ырас. Анан ошол бойдон баарынан көӊүлүӊ сууп кала бердиби?

- Ооба, адегенде ошондой ойлордун туткунунан бошоно албай жүрдүм. 1995-жылы аскерге чакырылып, 1997-жылга чейин Бишкектин чет жакасындагы Кой-Таш бөлүгүндө кызмат өтөдүм. Улук сержант наамына ээ болдум ал жерде.

- Андан кийинки турмуш жолуӊ кандай уланды?

- Аскерден кубанычым койнума батпай үйгө келип, заманамды тарыткан абалга дуушар болдум. Турмуштун толгон-токой жетишсиздиктеринен кыйналып-кысталып бүткөн апам бечара айласы куруганда үйдөн катыган нанды кармап чыгып: «Кечирип кой балам, ушундай болуп калды…» - деди да, калтырап-титиреп ыйлап жиберди. Эх, муну көрүп өтө жаман абалда калдым. Аянычтуу болду мага. Чыдай албай апамды боорума басып, мен да ыйлап жибердим. Мына ошондо ичимден: «Буюрса, эӊ бийик деӊгээлге жетип, баарын камсыз кыламын» деп сөз бердим өзүмө.

- Сөзүӊдү аткара алдыӊбы ошондон кийин?

- Жаратканга шүгүр, көп нерселерге жетиштим десем болот. Бирок, алдыга коюлган негизги милдеттер дале болсо кабыргасынан турат. 1998-2002-жылдары Бишкектин «Орто-Сай», «Аламүдүн» базарларында бычак, балта ж.б. буюм-аспаптарды курчутуп иштедим. Көп акча таптым. Тапкан сайын үйгө жөнөтүп жаттым. Үйдөгүлөрдүн жашоосу бир топ жакшырды.

- Үй-бүлө курган жоксуӊбу?

- Тагдырга не деп болот, 2002-жылы кытай улутундагы кыз экөөбүз баш кошкондон кийин, экөөбүз Швецияга келдик. Бул жерде бир уул, эки кыздуу болдук. Бирок, ар кандай пикир келишпестиктерден улам 2014-жылы ажырашууга туура келди.

- Швециянын атуулдугун алган белеӊер?

- Ооба, 2007-жылы экөөбүз теӊ атуулдук алган болчубуз.

- Ал жылдары эмне иш кылып жүрдүӊ?

- Атуулдук алган жылы Люнгбю деген шаардагы заводго ширетүүчү болуп орношконмун. Анда үч жыл иштегенден кийин мени Американын Нью-Йорк шаарында жаӊы ачылган заводдо инструктор болосуӊ деп жөнөтүштү. Ал заводдо 200дөй кытай жарандарын ширетүүчүлүккө үйрөттүм.

- Кытай тилин өздөштүргөнүӊ, ширетүүчүлүктү үйрөнүп барганыӊдын пайдасы тийген турбайбы. Швед тилин деле үйрөнүп алгандырсыӊ?

- 2012-2016-жылдары педагогикалык институттун «Швед тили жана адабияты» факультетинде окуп, ийгиликтүү бүтүргөнмүн. Ошол 2016-жылдан бери ар кайсы окуу жайларда, мигранттар үчүн ачылган курстарда швед тилинен сабак берип келатам.

Гүлжигит Ормонов (солдон биринчи) чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарына швед тилинен сабак берип жаткан учуру.
Гүлжигит Ормонов (солдон биринчи) чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарына швед тилинен сабак берип жаткан учуру.

- Мунуӊ баарынан чоӊ жетишкендик болуптур сага. «Шведдерге швед тилинен сабак берген журтташыбыз бар» деп сыймыктанып жүрө турган даражага жетипсиӊ. Баракелде! Кийин кайра үй-бүлө курбадыӊбы?

- 2018-жылы Швецияга иштегени келген кыргыз кызы Салкынга үйлөндүм. Ортобузда эки кызыбыз бар. Жашообуз жакшы.

- Кыргызстанга эртеби-кечпи кайтып келебиз, эл-жердин өнүгүшүнө салым кошобуз деген ой-тилек болсо керек?

- Андай ой-тилек көкүрөктө турат. Каражатымды топтоп барып, завод же фабрика ачууну максат кылып жүрөм. Чоӊ максаттарымдын бири ушул.

- Ишке ашсын ылайым. Швецияда азыр канча кыргыз бар?

- Орто эсеп менен 500-1000дин тегерегинде кыргыздар жашайт. Өзүнчө уюмубуз жок. Бирок "Телеграммда" тайпабыз бар. Керек маалда ошол аркылуу байланышып турабыз. Кайрымдуулук иштерин жасап, кыйналган жердештерге кол кабыш кылабыз.

- Ала-Тоону сагынасыӊарбы?

- Алтын аяктан аш ичип, асманда чалкалап жүрсөк деле, өзүбүздүн Ала-Тоодо жүргөндөй болбойбуз. Абдан сагынабыз. Эстеген сайын баарын жыйыштырып таштап кеткиӊ келет. Бирок, айла канча, келечектин камын жеп барыш керек. Ала-Тоонун сагынычы жүрөгүмдүн толтосунда ар дайым уюп турат.

- Сени кайсы нерсе көбүрөөк тынчсыздандырат?

- Саясатчыларыбыз, эл башчыларыбыз, депутаттарыбыз азыркыдай кыйын учурда ынтымак болуп, бири-бирине кечиримдүү болушса экен деп ичимден ойлой берем. Ынтымаксыздык, көрө албастык, кастык, адилетсиздик өкүм сүргөн өлкөдө эч качан өнүгүү болгон эместигин тарых тастыктап келатат.

Аӊгемелешкен Мирзохалим КАРИМОВ

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG