Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:13

Министрлик айрым дарылар атайын кагаз менен сатылышы керектигин эскертти


Кыргызстандагы дары базары.
Кыргызстандагы дары базары.

Саламаттыкты сактоо министрлиги эркин сатылууга тыюу салынган психотроптук "Лирика" жана "Тропикамид" дарылары мындан ары дарыканадан атайын догдурдун расмий бланкка толтурулган рецепти менен гана сатылышы керектигин эскертти.

Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти бул эки дарынын эркин сатылуусуна байланыштуу тийиштүү мекемелер менен атайын жыйын өткөргөн. 2021-жылы Жалал-Абадда аты аталган дары-дармектер дарыгердин атайын көрсөтмөсү жок сатылып жатканы аныкталган.

"Лирика" дарысына байланыштуу буга чейин "Азаттык" Бириккен Араб Эмиратында "маңзат ташуу" беренеси менен кармалып, абакта отуруп чыккан кыргызстандыктардын тагдырын чагылдырган.

Аталган дары бир топ өлкөлөрдө психотроптук "маңзат" катары классификацияланат. Кыргызстандагы айрым дарыканаларда ээн-эркин сатылат.

"Тропикамид" дарысы - көзгө тамызуучу тамчылатма каражат.
Кыргызстанда психотроптук каражатиап, антибиотиктер жана башка дарылар "дарыгердин расмий мөөр басылган кагазы менен гана сатылышы керек" деген нускама бар. Дарыканалардын дээрлик баарында рецепт талап кылынбайт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG