Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

Чек арага жакын айылдардын тургундары үйлөрүнө баруудан кооптонуп жатканын билдиришти


Эвакуациялангандардын көбү аялдар менен балдар.
Эвакуациялангандардын көбү аялдар менен балдар.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдын айрым тургундары үйлөрүнө кайра баруудан кооптонуп жатканын билдиришти. Алар азыркы тапта Баткен шаарындагы мамлекеттик мекемелердин имаратында башкалкалап жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдады.

27-28-январда чек арадагы айылдардан 11 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам жети убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилген.

29-январда көчүрүлгөн айрым тургундар үйлөрүнө кайтып барышты.
27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган.

Бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды. (BCh/AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG