Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Ошто мектеп окуучусу мугалим бутун сындыра тепкенине даттанды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №83 А. Навои атындагы орто мектебинин жетекчиси жана дене тарбия сабагынын мугалими И. У. 15 жаштагы баласы Т. Аны сол бутун сындыра тепкенин айтып, ата-энеси милицияга кайрылган. Бул окуяга байланыштуу 47 жаштагы мугалим кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалымдашынча, бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда тараган маалыматтарга ылайык, баланы дене тарбия мугалими сабакка катышкысы келбегени үчүн тепкилеген. Окуучу бала үйүнө классташынын жардамы менен жеткен. Ооруканада анын сол буту тизесинен сынганы маалым болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG