Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:44

Кыргызстандын ИИМи Көк-Таштагы окуядан улам кылмыш ишин козгоду


Соңку жаңжалдан улам чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашык адам эвакуацияланды.
Соңку жаңжалдан улам чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашык адам эвакуацияланды.

Кыргызстандын Ички киштер министрлиги (ИИМ) чек арадагы Көк-Таш айылындагы соңку окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси ("тынчтыкка каршы кылмыштар") менен иш козгоп, тергөө башталганын билдирди. Ошондой эле жараат алган жарандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатканда Кыргызстандын чек арачылары аны токтотууну талап кылышкан. Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таш коюп, жол тоскон. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү курулушту токтотуу, жолду ачуу тууралуу макулдашканы менен саат 19:30 чамасында Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы ИИМдин 707-аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын чек арачылары оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан. Натыйжада, жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707-аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана бир жаранга ок тийип, ооруканага жеткирилген", -деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эки өлкөнүн облус башчылары жетектеген делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алар: атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра артка алып кетүү, Баткен – Исфана автожолун толук ачуу, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен-Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG