Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:29

ИИМ мурда соттолгон адам баңгизат менен кармалганын кабарлады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ички иштер министрлиги Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Токтогул райондук милициясы менен биргеликте Ош-Бишкек жолунда 2 килограмм 788 грамм баңгизат алып бараткан жаранды кармаганын билдирди.

Маалыматта 25 жаштагы шектүү буга чейин каракчылык үчүн соттолгону айтылат.

“Аны тинтүү учурунда ооган чарасына (баңгизат), кара куурайга окшош өзгөчө кескин жыты бар зат табылган. Баштыгынан “гашиш” жыттанган кочкул-жашыл түстөгү 30 таңгактагы зат табылды”-деп жазылган анда.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстанда үч жарым тоннадан ашык баңгизат, психотроптук заттар алынган.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG