Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

HRW Казакстандагы кан төгүүнү адилет иликтөөгө чакырды


Алматы шаары. 5-январь 2022-жыл
Алматы шаары. 5-январь 2022-жыл

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын БУУ, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Евробиримдик баш болгон өнөктөштөрүн январь окуяларын калыс иликтөө үчүн расмий Нур-Султанга таасир этүүгө үндөдү. Уюм коопсуздук күчтөрүнүн аракеттерин текшерүү, кан төгүү үчүн күнөөлүү адамдарды аныктоо керектигин белгиледи.

26-январда жарык көргөн билдирүүдө, уюмдун колунда Алматыдагы бир окуяда эле тартип коргоочулар “ашыкча күч колдонгондо” бери дегенде 10 кишинин мүрт кеткени жана 19 кишинин жарадар болгону тууралуу маалымат бар экенин жазды.

Укук коргоочулар 4-6-январь күндөрү митингчилерге жана тополоңдорго катышкан адамдарга ок атылганы катталганын белгиледи. HRW муну менен катар коопсуздук кызматкерлерине кол салган жана өлтүргөн, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана башка мыйзамсыз иштерге барган адамдарды табуу керектигин айтты.

Расмий статистикага ылайык, соңку башаламандыктарда Казакстанда 227 киши, арасында күч түзүмдөрүнүн 19 кызматкери каза тапты. Бирок, жарандык активисттер менен укук коргоочулар курман болгондор мындан көп дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG