Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Байден Орусия Украинага басып кирсе, Путинге санкция салынышы мүмкүн экенин эскертти


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинага басып кирсе, президент Владимир Путиндин жеке өзүнө санкция салуу маселесин карап чыгарын билдирди. 25-январда кабарчылардын суроолоруна жооп берген америкалык лидер Украина менен чек арага топтолуп турган орус армиясынын 100 миңдей же андан көп жоокери кошуна өлкөгө кирсе, бул “Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң баскынчылык болорун” билдирди.

Байден Украинага аскерлерди жөнөтүү “ниети жоктугун”, бирок Москва чабуул коюу буйругун берсе, катаң санкциялар киргизилерин эскертти.

Президент ошондой эле 8 жарым миң аскердин чыгыш Европадагы союздаш мамлекеттердин аймактарына дислокациясын тездетүүгө туура келиши ыктымалдыгын кошумчалады.

АКШ шейшембиде Кивге курал-жарак, арасында танктарга каршы ракеталарды, раскета атуучу жабдууларды жиберген.

Вашингтон жана НАТОдогу өнөктөштөрү Европанын чыгышына аскердик күчтөрүн жайгаштыруу алар украин аймагындагы согуштук аракеттерге катышат дегенди билдирбесин кайталап келишет.

Москва кошуна өлкөнү басып алуу планы жоктугун, НАТО менен Вашингтон кризисти курчутуп, “чыңалууну күчөтүп” жатканын айтууда.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршембиде Мамлекеттик думада сөз сүйлөп, депутаттардын соңку кырдаал тууралуу суроолоруна жооп бермекчи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG