Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломун текшерүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому боюнча "масштабдуу текшерүү иштери башталганын" кабарлады.

“Жогорку билими тууралуу жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүкө кепилдик берилет,”- деп айтылат расмий билдирүүдө.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз, жасалма жол менен даярдоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертип, жарандар мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруп бериши керек дейт.

20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Нарматова болсо дооматтарды четке каккан.

Ушул окуядан кийин президенттин тапшырмасы менен 24-январдан баштап мамлекеттик мекеме-министрликтерде иштегендердин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын кызматкерлеринин дипломдору менен жарандыгын текшерилери кабарланган эле.

Кыргызстанда буга чейин дагы айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын дипломдору жасалма, кээ бирлери башка мамлекеттин жараны экени тууралуу маалыматтар чыккан.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG