Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Бишкек шаарында суу бериле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бишкексууканал” башкармалыгы баскыч-баскыч менен шаардагы үйлөргө суу бере баштады.

"Бир мезгилде басымды бардык куурларга берүү кооптуу. Ошондуктан, кечке чейин шаарга толугу менен суу жетет”, - деп билдирди "Азаттык" радиосуна Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Назгүл Жамгырчиева.

Мындан тышкары “Бишкек жылуулук”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” , “Бишкексууканал” кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Калкты социалдык жактан тейлеген кызматтар, ооруканалар дагы ишин улантууда.

Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган маалда шаарды суу менен камсыздаган электр насостору иштебей калганына байланыштуу суу берүү токтогон.

Кыргызстандын бир топ аймактарында 25-январда түшкү саат 12ден өткөндө электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.

Баш калаадагы үйлөрдө лифтте калып калган 45 киши куткарылды.

Казакстан менен Өзбекстандын маалымат каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин жазып чыкты. Борбор Азиядагы энергетикалык шакекчеде болгон кырсыкты мамлекеттер аралык комиссия иликтейт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG