Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Футбол матчына кире бериште алты адам тыгында каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Камерунда өтүп жаткан Африка улуттарынын футбол матчына кире бериште тыгындан алты адам каза болду.

Камерундун борбор шаары Яундедеги Олембе стадионунда Камерун менен Комор аралдарынын улуттук курама командалары 1-8 финалда ойномок. Африканын футбол конфедерациясы окуяны толук изилдеп чыгарын Камерундун улуттук телеканалынан кабарлады.

Бул өлкөнүн борбордук аймагынын губернатору Насери Пол Бийя курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Африка улуттарынын футбол боюнча турнири 9-январда башталган.

Аны көргөнү эл аз келгендиктен, Камерундун бийлиги акысыз коомдук транспорт уюштуруп, матч өтө турган стадиондун дарбазасын ачык калтырган.

Камерун - Борбордук Африкада жайгашкан өлкө. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG