Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Президент Жапаров аралыктан иштөөгө өттү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытайда боло турган иш сапарына байланыштуу жана эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгынан улам аралыктан иштөө режимине өттү. Ал толук иш тартиби боюнча иштөөсүн улантат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

3-5-февралга белгиленген Кытайга сапарынын алкагында президент Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 426 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (314).

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 195 миңден ашты, 2851 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирип, бир катар орто мектеп онлайн форматта окууга өттү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG