Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Болот Назаров: Жер шарындагы сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңер (видео)


Төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

23-январдын түнү соттун чечими менен үй камагына чыккан төкмө акын Болот Назаровду тарапташтары, активисттер, акындар тосуп алышты. Алар "Болот курчуйт, таш сынат!" деп кыйкырып, сүрөп турушту. Назаров аны бошотууга чогулгандардын аракети себеп болгонун, сөз эркиндиги адамзат үчүн канчалык баалуу экенин айтты.

"Планетадагы сөз эркиндиги үчүн турдуңуздар. Планетадагы сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңиздер. Эң негизгисин айткым келет... Сөз эркиндигин талап кылып жүргөн журналисттерге, жер бетиндеги журналисттерге айткым келет: Сөз эркиндиги деген бизбиз. Өзүбүз ушинтип ынтымактуу болсок, сөз эркиндигин алып келе алабыз. А биз өзүбүз ынтымакка келе албай, сөз эркиндиги деп бирден ыйлай бергенде бөлүнгөндү бөрү жеп кетет экен. Кандай кылып сөз эркиндигин алып келиш керек экенин сиздер суукка карабай ушунча туруп, дүйнө жүзүнө сабак болдуңуздар деп эсептейм. Бар болуңуздар!".

Бүгүн Бишкекте, Ички иштер министрлигинин имаратынын, шаардык милиция башкармалыгынын алдында маңзатка байланыштуу шектенүү менен кармалган журналист Болот Темиров жана аны менен бирге иштешкен төкмө Болот Назаровду колдоо акциясы өттү. Нааразылык акциясына чыккан активисттер, журналисттер, маданият кызматкерлеринин өкүлдөрү, төкмө акындар да экөө тең ак жеринен камалганын, аларга "жалган жалаа жабылып жатканын" белгилешти. Бийликке, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, экөөнү тең бошотууну жана мындай көрүнүштөрдү токтотууну талап кылышты. Акындар нааразылыгын ыр менен билдиришти.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев брифингде Назаров баңгизатын журналист Болот Темировдун кеңсесинен алып, таратып жатат деген маалымат бар экенин билдирди. Журналист Темировдун кеңсеси 22-январдын түнү тинтүүгө алынып, өзү кармалган. Ал кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери чөнтөгүнө белгисиз затты салып коюшканын айткан. УКМК жетекчиси журналисттин каны таза чыкканын маалымдады. Назаровдон мурда Темиров да эч кайда кетпөө тууралуу тилкат менен бошотулду.

Бул окуялардын алдында Темиров жана анын командасы Ташиевдин туугандарына байланышкан иликтөөнү жарыялап, коомдо кызуу талкууга алынып жаткан.

Назаров менен Темировдун тарапташтары аларга коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын жана алар интернеттеги терс көрүнүштөрдү ачык айткан позициялары, журналисттик иликтөө үчүн кармалганын айтышты.

Ушундай эле акция Ош шаарында да ондогон кишинин катышуусунда уюштурулду.

ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, журналист да, акын да шектүү катары өтүп жатышат. Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, аларга маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Төкмө акын Болот Назаров чыгармалары аркылуу бийликти сындап жүргөнү менен белгилүү. Жакында анын Youtube каналына "Эки дос", "Камчыке, кара калкыңды" деген ырлары жарыяланган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG