Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Жаңы Зеландиянын премьер-министри коронавирустан улам үлпөт тоюн жылдырды


Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу кийинки аптада кире турган чектөөлөрдөн улам үлпөт тоюн жылдырды. Бул тууралуу Sky News каналы билдирди.

"Жашоо ушундай. Мен пандемиянын кесепеттерин баштан кечирген миңдеген жаңы зеландиялыктардан эч айырмаланбайм. Мисалы, жакындарым катуу ооруп калганда алар менен бирге боло албайм. Бул бардык кайгыдан ашып түшөт", - деди ал.

Ардерн менен Кларк Гэйфорддун үлпөт тою келерки аптада Гисборндо өтүшү керек эле. Бирок январь айында Окленд шаарында бир үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү «омикрон» жуктуруп алганы аныкталган.

Буга байланыштуу келерки жумадан баштап жаңы зеландиялыктар коомдук жайларда беткап кийүүгө милдеттүү. Чектөөлөр коомдук чогулуштарда, атап айтканда, майрамдарда адамдардын санына карата колдонулат. Мектептер жана негизги ишканалар ачык бойдон калат, бирок көп жерлерге кирүүгө эмделгени тууралуу сертификат талап кылына турганын "Интерфакс" агенттиги жазды.

Жаңы Зеландиялыктардын 12 жаштан жогорку тургундарын алганда, болжол менен 93% COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. Калктын 52% кайталап эмделген (ревакцинация).

Жасинда Ардерн 2020-жылы премьер-министрлик кызматын экинчи мөөнөткө утуп алып Жаңы Зеландиянын тарыхына кирген. Ардерн жетектеген Жаңы Зеландиянын Эмгек партиясы 49% ашуун добуш менен жеңип чыккан.

40 жаштагы Ардерн 2017-жылдагы шайлоодон кийин башка эки партия менен бириккенден кийин жогорку кызматка келген. Кызматка киришкенден алты күндөн кийин кош бойлуу экенин коомчулукка жарыялаган. Бир жылдан кийин ал кызматта турганда төрөп, декреттик өргүүгө чыккан экинчи дүйнөлүк лидер болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG