Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:15

Бишкек милициясынын алдында 50дөй адам топтолуп турат


Бишкек милициясынын имаратынын алдында тургандар. 22-январь, 2022-жыл.
Бишкек милициясынын имаратынын алдында тургандар. 22-январь, 2022-жыл.

Бишкек милициясынын алдында 50гө жакын журналист, активисттер чогулуп турат. Алар иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча милициядан түшүндүрмө талап кылып жатышат. Журналист Семетей Аманбековдун айтымында, учурда журналисттер коомчулугу тилектештик көрсөтүп, Темировдун укугун коргоого биргеликте аракет кылыш керек.

"Бийлик журналисттерди душман көрбөй, алар коомдун санитарлары экенин түшүнүшү керек", - деди Аманбеков.

Ал 23-январда Темировду колдоо боюнча ИИМдин имаратынын алдында акция өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

22-январда күч органдары кармап кеткен иликтөөчү журналист Болот Темиров милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, ыргытып кетишти" деп айтууга үлгүрдү.

Анын алдында адвокат Нурбек Токтакунов Темировдун үстүнөн "кимдир-бирөөдөн милицияга арыз түштү" деп түшүндүрүшкөнүн айткан. Темиров менен бирге тинтүү учурунда кеңседе болгон журналисттердин айтымында, күч кызматкерлери имаратка кирип келип, ал жердегилердин баарын жерге жаткырып, иликтөөчү журналисттин чөнтөгүнөн "белгисиз зат алып чыгышкан".

Temirov LIVE командасынын мүчөсү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкектеги кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирген. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзгөн.

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кыл темада журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келген. Жакында анда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG