Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:04

CDC: Вакцинанын 3-дозасын алгандар COVID-19ду жеңил көтөрөт


АКШдагы бир нече изилдөөлөр mRNA вакцинасынын үчүнчү дозасы COVID-19дан улам ооруканага жатып калуудан 90% коргой турганын көрсөткөнүн Кошмо Штаттардын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (Centers for disease control and prevention - CDC) билдирди.

Изилдөөлөр тууралуу соңку жаңылыктар Британиянын саламаттык сактоо тармагындагы изилдөөчүлөрү омикрондун жаңы вариантын иликтей баштаганын жана Европанын кээ бир өлкөлөрү эмдөөнүн үчүнчү дозасын же бустер алуу боюнча сунуштарды күчөткөн учурга туура келди.

Жаңы изилдөөлөр Pfizer/BioNTech жана Moderna компаниялары чыгарган вакциналар инфекциядан да, симптоматикалык оорудан да коргой турганын көрсөткөн.

"Инфекциянын омикрон вариантын жугузуп алуу жана ооруканага жатуудан коргоо мүмкүнчүлүгү вакцина алгандар арасында жогору экенин көрсөттү", - деген АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун директору Рошель Валенски 21-январда Ак үйдөгү брифинг учурунда.

Британиянын саламаттык сактоо адистери алар иликтеп жаткан вариант BA.2 деп аталарын айтышты. Алар 40 өлкөдө BA.2 варианты тууралуу кабарлаганын, эң көп үлгүлөр Данияда, андан кийин Индия, Британия, Швеция жана Сингапурда болгонун билдирди. Данияда BA.2 тездик менен өсүп, 2021-жылдын акыркы жумасында COVID-19 жуккан учурлардын 20% түзгөн. 2022-жылдын экинчи жумасында 45% чейин өстү.

Ирландияда 22-январдан тартып пандемияга байланыштуу бир топ чектөөлөр алынат. Демек, барлар жана ресторандар кадимки тартипте иштей баштайт.

Ирландиянын премьер-министри Майкл Мартин "Биз коомдук саламаттыкты сактоо боюнча чектөөлөрүбүздүн көбүн улантуунун жүйөсү же негизи жок деген тыянакка келдик" деди. Адамдардын чогулуусуна чектөө коюлбайт. Кызматкерлер кийинки жумадан баштап акырындык менен жумуш орундарына кайтып келе алат. Мартин эмдөө жана ревакцинация инфекциянын жаңы толкунунун алдын алганын белгилеген. Коомдук жайларда бир топ чектөөлөр алып салынганы менен Ирландиянын премьер-министри Мартин "пандемия бүтө элек" деп эскертти.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро жана Сан-Паулу шаарларында пандемиядан улам 21-январда карнавалдык жүрүштөр болбой калды. "Учурда бул зарыл болуп турат. Биз жүрүштү апрель айынын аягында, бир топ коопсуз учурда өткөрө алабыз", - деди Риону саламаттык сактоо боюнча өкүлү Даниел Соранц.

Пандемия Бразилияда 622 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Кошмо Штаттарда бул сан 864 миңден ашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG