Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Чаткалда эки киши көчкү алдында калды


Чаткалдагы кар көчкү. 21-январь, 2022-жыл.
Чаткалдагы кар көчкү. 21-январь, 2022-жыл.

Чаткалда көчкү басып калган эки кишинин сөөгү кар астынан табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, 21-январда Чаткал районунун Жамгыр жана Мырзаш участкасында эки жаранды ири көлөмдөгү кар көчкү басып калган. Алар Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан. ӨКМ тараткан маалыматка караганда, алар "Вертекс Голд" ишканасынын 30 жана 31 жаштагы кызматкерлери экени такталды.

Кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, министрликтин беш куткаруучусу, "Вертекс Голд" компаниясынын үч бирдик унаа жүктөгүчү, эки эксковатор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзгөн.

Натыйжада, саат 17:30да Токтогул районунун тургуну А.Жнын, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан табылган.

Учурда, каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG