Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Блинкен менен Лавров украин кризиси боюнча сүйлөшүүсүн баштады


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 21-январь, 2022-жыл. Женева, Швейцария.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 21-январь, 2022-жыл. Женева, Швейцария.

21-январда Швейцариянын Женева шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу башталды.

Сүйлөшүүнүн башында Лавров мамкатчы менен Орусия койгон коопсуздук кепилдигин талкуулагысы келерин айтты. Ал жолугушуудан чоң нерсе күтпөй жатканын, бирок кездешүү АКШнын позициясын көрсөтө турганын билдирди.

Блинкен болсо жолугушуу АКШнын жана анын Европадагы өнөктөштөрүнүн Орусиянын Украинага карата агрессиясын алдын алуу аракеттеринин бир бөлүгү экенин белгиледи. Ал эгер Москва Украинага чабуул жасаса анын кесепети оор болорун дагы бир жолу кайталады.

Блинкен 19-январда Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен кездешкен. 20-январда Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү менен Берлинде жолуккан. Мындан кийин төрт өлкөнүн тышкы саясат мекемелери Украина боюнча бир пикирде экенин жарыялашкан.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, буга каршылык билдирген. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG