Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:38

Беларуста жаңы Конституция боюнча референдум 27-февралга белгиленди


Беларустун Конституциясы.
Беларустун Конституциясы.

Беларуста жаңы Конституция боюнча референдум 27-февралга белгиленди. Жарлыкка 20-январда Александр Лукашенко кол койду.

Референдумдун катышуучуларынан Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдор-колдобосу гана суралат.

Негизги мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 22 беттен бурат: Парламенттин президентке импичмент жарыялоо укугу жоюлат. Чет өлкөдө жашагандар президенттикке талапкер боло албайт. Президент өмүр бою кол тийбестик укугуна ээ болот.

Конституциянын долбоору Александр Лукашенконун чексиз авторитардык башкаруусун дагы чыңдап, анын 2035-жылга чейин бийликте калуусуна өбөлгө түзөт.

2020-жылы алтынчы мөөнөткө барган талаштуу президенттик шайлоодон кийинки катаал репрессияларга болгон терс реакциядан соң Лукашенко Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG