Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Молдова газ кризисине байланыштуу энергетикалык өзгөчө абал жарыялады


“Молдовагаз” ишканасынын имараты.
“Молдовагаз” ишканасынын имараты.

Молдова парламенти 20-январда Орусиянын “Газпром” компаниясына газ үчүн карызды берүүдөгү көйгөйдөн улам энергетикалык тармакта 60 күнгө өзгөчө абал жарыялоо тууралуу өкмөттүн сунушун бекитти.

Премьер-министр Наталья Гаврилицанын айтымында, “Газпром” январь айы үчүн төлөмдү жылдыра туруу боюнча Молдованын өтүнүчүн четке каккандыктан, өлкө ушул режимде жашай турушу керек. Өкмөт “Молдовагаз” 38 миллион долларды 20-январга чейин төлөп, калган 25 миллион долларды кийин төлөөнү сунуштаганын билдирүүдө.

Гаврилицанын билдиришинче, жаңы режим Министрлер кабинетине энергетика секторунда көзөмөл жүргүзүүгө укук берет. Анын ичинде газды жеткирүү жана аны төлөөдө бюджетти иштетүүдө өзгөртүүлөрдү жасап тура алат.

Узаган жылдын соңунда орусиялык компания эгер тараптар көгүлтүр отун боюнча келишимди узартпаса Молдовага газ берүүсүн токтотушу мүмкүндүгүн эскерткен. Келишим былтыр сентябрда аяктаган эле.

Молдова былтыр октябрда да өзгөчө абал жарыялап, башка коңшу мамлекеттерден газ алып турган. Кийин “Газпром” менен келишимин дагы беш жылга узарткан.

Молдованын инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү министри Андрей Спину 11-январда газдын миң кубу 550 доллардан 647 долларга кымбаттаганын, бул өлкө үчүн кымбатка түшүп калганын билдирген.

Молдова Украина менен Европа Биримдигиндеги Румыниянын ортосунда жайгашкан. Ал Европадагы жакыр мамлекеттердин бири болуп саналат. Соңку газ кризисин айрым талдоочулар 2020-жылы өлкөдө орусиячыл Игорь Додон шайланбай калганы үчүн Москванын жазасы катары эсептешет. Анда батышчыл Майя Санду президент башчы болуп шайланган эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG