Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

АКШ, Британия, Франция жана Германия Орусияга карата бир пикирде экенин жарыялады


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок төрт тараптуу жолугушуудан кийин. 20-январь, 2022-жыл. Берлин, Германия.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок төрт тараптуу жолугушуудан кийин. 20-январь, 2022-жыл. Берлин, Германия.

АКШ жана анын европалык өнөктөштөрү Украинаны колдоо жана Орусияга бул өлкөгө карата агрессиясын токтотуу маселесинде бир позицияда экенин аныктап алышты. Бул тууралуу Берлинде Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен жолуккандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Ал эгер Орусия Украинага карата чабуул жасаса алар чогуу катуу жооп кылышарын белгиледи. Чабуул катары ал орус аскерлеринин украин жергесине киришин атап, андан башка кыйыр чабуулдар болсо да чара көрүлөрүн кошумчалады.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок да Орусиянын эки жолу бар экенин, же эскалация же, деэскалацияга барарын, биринчисинин арты оор кесепеттерге алып келерин тактады.

Бербок 18-январда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан. Блинкен болсо Лавров менен жума күнү Женевада кездешет.

Мунун алдында АКШнын президенти Жо Байден Орусия Украинага “кол салышы” мүмкүн экенин эскертип, бирок Владимир Путин аскердик чабуул жасаса анын арты Москва үчүн экономикалык кесепеттерге алып келерин эскерткен.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, буга каршылык билдирген. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG