Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Алмазбек Сулаймановдун өлүмү тууралуу сотто дагы чыр чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 20-январда кылмыш дүйнөсүндө "Лимонти" деген каймана ат менен таанымал Алмазбек Сулаймановдун өлүмү тууралуу сот процесси уланды. Анда жабырлануучу тарап айыпталуучунун жакындарын коркутууларга байланыштуу күнөөлөп, соттук териштирүүнү алардын катышуусу жок өткөрүлүшүн суранышты.

Кылмышка шектүү Талгат Шамшиевди судьяны ишти калыс, адилет кароого чакырды. Анын жакындары жабырлануучу тараптын дооматтарын четке кагышты.

Буга чейинки сот процессинде судья Шамшиевди камактан бошотуу өтүнүчүн канааттандырган эмес жана бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Айыпталуучу буга каршылык билдирип, оозун төөнөгөнгө аракет кылган. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы айыпталуучунун оозун тигип алышына күзөтчүлөр жол бербей калганын билдирген.

Алмазбек Сулайманов 2020-жылы мартта бычакталган. Анын сөөгүн милицияга Талгат Шамшиев жеткирген жана "өч алуу максатында" бул кымышка барганын мойнуна алып, Сулаймановду 1998-жылы атасын өлтүргөн деп күнөөлөгөн.

Күч органдарынын маалыматына ылайык, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG