Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Иманов: орун басарлар кыскарат, Догоевдин командасы менен иштейм


Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

Жогорку Кеңеште санарип өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Талантбек Иманов аталган мекеменин түзүмү, штаты тууралуу суроолорго жооп берди. Ага ылайык, бул министрликте жалпысынан алты миңдей адам иштейт, министрдин беш орун басары бар.

"Борбордук аппаратта 150дөй адам иштейт. Дастан Догоев (мурдагы министр -ред) жакшы команда түзгөн экен. Ушулар менен эле жумушту улантарыма көзүм жетип турат. Беш орун басар көп экен. Ушу тушта штаттык түзүмдү карап жатабыз. Орун басарлардын санын кыскартабыз".

Парламент 19-январдагы жыйынында санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин карап жатат.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Журналисттер Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун иликтеп чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.

Талантбек Иманов мындай маалыматтарга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG