Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Түндүк Корея январда төртүнчү жолу баллистикалык ракета сынады


Түндүк Кореянын телеканалдарынын маалымат каражаттары ракетаны сыноо учурун көрсөтүп жаткан маалы.
Түндүк Кореянын телеканалдарынын маалымат каражаттары ракетаны сыноо учурун көрсөтүп жаткан маалы.

Түндүк Корея 17-январда деңизди көздөй эки баллистикалык ракета атып, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу Түштүк Кореянын жана Жапониянын аскер кызматтары кабарлашты.

Бул Пхеньяндын жыл башынан бери төртүнчү жолку сыноосу. 5-январда, 11-январда жана 14-январда ракета аткан. Былтыр күздө да үч-төрт жолу ракета сынаган.

Ceул билдиргендей, Түндүк Корея учурган ракета добуштун ылдамдыгынан он эсе тездик менен 700 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Ушундан улам алар коңшулар мындай алдыңкы технологияларды кайдан алганы тууралуу суроолор туулуп жатканын билдиришүүдө.

12-январда АКШ өзү Түндүк Кореяга бир тараптуу санкцияларды киргизген. Түндүк Кореянын алты атуулун, орусиялык жаранды жана фирманы кара тизмеге кошкон. АКШ алар программалары үчүн товарларды Орусиядан жана Кытайдан сатып алып жатат деп айыптоодо.

COVID-19 пандемиясы башталгандан кийин Түндүк Корея чек араларын толук жаап, натыйжада соода жана башка дипломатиялык сүйлөшүүлөр басаңдаган. АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы дипломатияны жандантууга даяр экенин бир нече жолу жарыялаган.

Түндүк Корея азырынча мындай сунушту кабыл албай келет. Ошентсе да Пхеньяндын ракеталарды катар-катар сыноосу Вашингтон менен Сеулду ийге келүүгө мажбурлоо аракети катары кабылданууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG