Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Ирак Беларустун чек арасынан 4 миңдей жаранын чыгарып кетти


Польша менен Беларустун чек арасында жайгашкан "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетиндеги мигранттар. Архивдик сүрөт.
Польша менен Беларустун чек арасында жайгашкан "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетиндеги мигранттар. Архивдик сүрөт.

Беларус менен Европа Биримдигинин мүчөлөрү Польшанын, Литванын жана Латвиянын чек араларында такалып турган 4 миңдей ирактык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейни журналисттерге кабарлады.

Анын айтымында, репатриация үчүн өкмөт 18-ноябрдан бери Беларустан Багдадга 10 каттам уюштурушту.

Атайын басма сөз жыйынына Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис да катышып, Иракка Литва жардамдашканын маалымдады. Кайтарылгандардын 100 чактысы Литвадан алып келинген.

Чек ара аймактарында учурда канча жаран калганы белгисиз.

Былтыр жайында Беларус баштаган миграциялык кризис Евробиримдиктин мүчөлөрү Польша, Латвия жана Литвага коркунуч жаратып, бул өлкөлөр чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтара баштаган. Жакынкы Чыгыштан, анын ичинде көбүнчө Ирактан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө далалат жасап келген.

Буга өбөлгө түздү деп Евробиримдик Минскини айыптоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG