Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

Жалал-Абад облусунда автожолго кар көчкү түшүп, тазаланды


Красная Горка-Ак-Таш автожолунда кар көчкү түшкөн жер.
Красная Горка-Ак-Таш автожолунда кар көчкү түшкөн жер.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Красная Горка-Ак-Таш автожолунун төртүнчү чакырымында көлөмү болжол менен 50 м3 кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тазалоо иштерине бир бульдозер тартылып, саат 18:09да жол толук тазаланганын билдирди. Жабыркагандар жок.

Министрлик 19-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автожолунун 92-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш жолунун 1-4- чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн экенин эскертти.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Машинелердин ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG