Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:30

Президент Жапаров депутат Мадумаров менен Нарматовага жооп берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына маек куруп, парламент депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы боюнча жооп берген. Мамлекет башчы Мадумаров менен Нарматованы кескин сындап, "коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек" деген пикирин айткан.

"Өздөрү кылмыш кылып коюшуп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирдикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? "Колуң менен кылганды мойнун менен тарт" дейт кыргызда", - деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Мадумаров жөнүндө кенен токтолуп, Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча ал кол койгон протоколду "чыккынчылык" деп атады.

17-январда Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатканы белгилүү болгон. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары экинчи жолу суракка чакыртылган.

Мадумаров соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет. Ал эми протокол боюнча дооматтарды четке каккан.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан. Атайын кызмат депутат Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген.

Азырынча Нарматова жана Мадумаров президенттин соңку маеги жөнүндө комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG