Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Жанар тоо атылган чөлкөмдөгү мамлекеттер цунами коркунучу жок экенин маалымдады


Тонгадагы жанар тоонун атылышы. Иллюстрациялык сүрөт.
Тонгадагы жанар тоонун атылышы. Иллюстрациялык сүрөт.

Тынч океанда жанар тоо атылгандан бир суткадан кийин – жекшембиде бул чөлкөмдөгү бир нече мамлекет цунами коркунучу жоктугу тууралуу маалымат таратышты.

Австралия, АКШ, Жапония жана башка аралчадагы бир нече мамлекеттер жанар тоонун атылуусунан улам жээктерде цунами болорун эскертип жатышкан.

Тынч океанындагы аралчалардан куралган Тонга өлкөсүндөгү Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосу 15-январда атылган. Мындан анын тегерегиндеги аралдардын жээгинде бийиктиги бир метрден ашкан толкундар пайда болгон. Алардан эң көп жабыркаганы Тонга королдугу болгон. Азырынча курмандыктар тууралуу маалыматтар бериле элек.

Чоң толкундар Жаңы Зеландиянын жээктерине да жеткен. Өлкөнүн өкмөт башчысы Жасинда Ардерн 16-январда Тонганын борбору Нукуалофа шаарындагы элчилик менен байланышканда абал оор экени, кайыктар жээкке сүрүлүп чыкканы, айрым райондор менен байланыш жок болуп жатканы тууралуу маалымат алганын билдирген.

Тынч океанындагы Тонга аралчасынын калкы 100 миңдей адамды түзөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG