Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Алматыда каза болгон Бактыяр Базарбаевдин сөөгү туугандарына берилди


Казакстандагы демонстранттарды таркатуу учуру
Казакстандагы демонстранттарды таркатуу учуру

Казакстандагы тополоңдо каза болгон кыргызстандык жаран Бактыяр Базарбаевдин сөөгү жакындарына берилгенин, аны Кыргызстанга алып жөнөшкөнүн Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов 16-январда “Азаттык” радиосуна билдирди.

Бактыяр Базарбаев боюнча маалымат жокко эсе. Анын Казакстанда жүргүнчү ташып иштеп жүргөнү айтылган. Алматыда каза болгон дагы бир кыргызстандык, 33 жаштагы Азис Мусаевдин сөөгү 13-январда жакындарына берилген. Азис Мусаев Алматынын борбордук аянтында жараат алгандардын бирине көмөк көрсөтүп жатып окко учканы маалымдалган. Ал 2016-жылдан бери коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жаткан.

Мындан тышкары казак бийлиги тополоңдорго шек санап кармалган кыргызстандык Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Жиншанло аттуу кыргызстандык жарандарды 15-январда бошоткон.

Буга чейин Казакстанда кармалган музыкант Викрам Рузахунов кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулуп, Кыргызстанга кайтарылган.

Мындан тышкары Алматыдан Бишкекке кетип баратып кармалганы тууралуу маалымат тарап жаткан дагы бир кыргыз жаранынын дайыны азырынча белгисиз болууда. Консулдук аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кыргыз тарап кыргыз-казак чек арасында мал издеп жүрүп 10-январда казак чек арачыларына кармалган деп айтылып жаткан студент Сыймык Өмүрбек уулу боюнча Казакстандан жооп ала элек. 22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы 14-январда президент Садыр Жапаровдон уулун кайтарууга жардам сурап кайрылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңден ашты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жогун текшерип жатат.

Казакстанда соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынан 15-январда маалымдашкан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG