Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:00

Дача СУ курмандыктары эскерилүүдө


Дача СУ конушу. 2022-жылдын 16-январы.
Дача СУ конушу. 2022-жылдын 16-январы.

Кыргызстанда бүгүн 16-январда Дача СУ окуясынын курмандыктары эскерилүүдө. Таңкы саат 7:15те Дача СУ конушунда кырсыктан каза болгондорго орнотулган эстеликтин алдында жакындарынан ажыраган 11 үй-бүлөнүн өкүлдөрү чогулуп, куран окушту.

Алардын бири, "Үч периште" фондунун жетекчиси Венера Шейшенова апаатта бир жарым, беш жана 20 жаштагы балдарынан айрылган. Анын айтымында, учак айылга дал ошол мүнөттөрдө кулаган.

Расмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен эскерүү иш-чарасы саат 11де болору айтылды.

Туура беш жыл мурда, 2017-жылдын 16-январында эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747-412F үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Тынч уйкуда жаткан 35 тургун (алардын 17си балдар) жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары эле.

АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан.

Кырсыкка байланыштуу кылмыш иши кийинчерээк токтотулганы кабарланган. 2021-жылдын декабрында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында экенин кабарлаган. (TSh/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG