Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Казакстандагы соңку окуяларда кеминде 225 киши каза тапты


Алматыда мэриянын имараты өрттөнүп жаткан учур, 5-январь 2022-жыл.
Алматыда мэриянын имараты өрттөнүп жаткан учур, 5-январь 2022-жыл.

Казакстанда соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев ишембинин кечиндеги брифингде айтты.

"Алардын бир бөлүгү теракттарга катышкан, имараттар менен укук коргоо кызматкерлерине чабуул жасаган куралдуу бандиттер. Каза болгондордун ичинде 19 полиция жана аскер кызматкерлери бар", - деди Шалабаев.

Ал 225 адамдын канчасы жөн-жай тургундар, канчасы "бандит" деп мүнөздөлгөн адамдар экенин жана алар кандай шартта каза тапканын так айткан жок.

Шалабаев кошумчалагандай, өлкөдөгү соңку окуяларда жалпысынан 4578 жабырлануучу аныкталды жана алардын 4353ү жаракат алды.

"Алардын ичинде 3393 киши укук коргоо органдарынын кызматкерлери", - деди Шалабаев.

Ал учурда маалыматтар такталып жатканын, дагы өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Казак бийлиги ушул күнгө чейин өлкөнүн тарыхындагы эң ири башамаландыкта жана митингдерде канча кишинин өмүрү кыйылганын так айта элек болчу. 9-январда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги жалпысынан 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке каккан.

Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Өткөн аптада президент Касым-Жомарт Токаев "Алматыга 20 миң террорчу чабуул койгонун" айткандан кийин айрым аймактарда митингчилер "Биз карапайым калкпыз, биз террорчу эмеспиз" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG