Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Кыргыз-казак чек арасы: Өткөрмө бекеттерде абал туруктуу


"Ак-Жол" бекети. 2022-жылдын 6-январы.
"Ак-Жол" бекети. 2022-жылдын 6-январы.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде абал туруктуу экенин Кыргызстандын Чек ара кызматы 15-январда эртең мененки саат 11де билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, адамдар же автомашиналар топтолгон жерлер жок.

Казакстанга кыргыз жарандарынын жана чет өлкөлүктөрдүн кирүүсү убактылуу чектелүүдө.

Казакстанда жүргөн чет өлкөлүктөр жана кыргызстандыктар Кыргызстанга «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Ак-Жол» жана "Чоң-Капка" бекеттери аркылуу кире алышат.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары да мекенине ушул бекеттер аркылуу өтө алышат.

«Каркыра» бекети Кыргызстандагы казак жарандарын гана кабыл алууда.

Ал эми жүк ташуучу машиналар эч чектөөсүз, COVID-19га каршы эрежелерди сактоо менен «Ак-Тилек», «Чалдыбар» жана "Чоң-Капка" аркылуу өтүп жатышат.

Коңшу өлкөдөгү соңку саясий окуялардан улам өткөн аптада айрым чек ара бекеттери убактылуу жабылып, кайра ачылган, жүк алып өтүү сээлдеген жана кээ бир жерлерде казак тарапка жүк ташыган автомашиналардын тыгыны байкалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG