Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:45

Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиш Коопсуздук комитетиндеги кызматында калды


Самат Абиш.
Самат Абиш.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматында калды. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында 14-январда чыккан маалыматта айтылат.

“Улам-улам түшүп жаткан суроо-талаптарга байланыштуу С.Абиш УККнын жетекчисинин орун басары кызматында мурдагыдай эле иштеп жатат”,-деп маалымдады басма сөз кызматы. Маалыматта ошондой эле ал азыр жылда алчу эмгек өргүүсүндө экени белгиленет.

7-январда жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянуу менен Самат Абиш Алматыда кармалганын жазышкан. Анын артынан эле атайын кызмат бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Самат Абиштин кармалышы тууралуу маалымат Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов кармалгандан кийин чыккан. Масимов 6-январда аталган кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган, кийин ага “бийликти басып алуу” беренеси кошулганы 13-январда белгилүү болду.

Соңку убактарда мурдагы президенттин өзү жана анын жакындарынын кайда экени тууралуу маалыматтар жана божомолдор басылмаларда тынбай жарыяланып жатат. Назарбаевдин улуу кызы, депутат Дарига Назарбаева парламенттин жыйындарына катышкан жок. Мекеменин басма сөз кызматы ал ооруп жатканын билдирген. Экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаева 13-январда кыскача пост жазгандан кийин социалдык тармактардагы баракчалары ачылбай калган.

Суюлтулган газдын кескин өсүп кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына тез эле жайылып кетти. Кийин ал башаламандыктар жана талап-тоноолор менен коштолду. Эң негизги тополоң Алматы шаарында катталды. Акцияларда президенттик кызматты тапшырган менен башка рычагдарды сактап калган Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетишин талап кылган “Чал кет” деген ураандар да айтылып жатты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы нааразылыкка чыкканын” айтышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG