Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

УКМК Орозайым Нарматованы суракка чакырган себебин түшүндүрдү


Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка киргени маалым болгон.
Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка киргени маалым болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 14-январда билдирүү таратып, Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеме парламентке шайлоо өткөн учурдагы текшерүү иштеринде Нарматованын окууга которулушундагы мыйзамсыздык жөнүндө маалымат түшкөнүн билдирет. Анын негизинде Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

Коопсуздук комитети Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы социалдык тармактарда кызууу талкуу жараткандан улам коомчулукка маалымат берүүнү чечкен.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы О.Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт”,-деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда болгону аныкталганы айтылат. Ошол себептен парламент депутаты Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн күбө катары суракка чакырылган деди атайын кызмат.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова бүгүн, 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка киргени маалым болгон. Мунун алдында ал тергөөчүлөрдүн чакырган себебин билбей турганын айткан эле.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн. Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.

"Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек", - деген Жапаров.

Орозайым Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG