Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Батыш менен Орусиянын Украина боюнча үчүнчү сүйлөшүүсү да ийгиликсиз аяктады


Орусиянын Украинанын чек арасына жакын тартылган аскерлери жана аскердик техникаларынын картасы.
Орусиянын Украинанын чек арасына жакын тартылган аскерлери жана аскердик техникаларынын картасы.

Украинанын чек арасында орус аскерлеринин топтолгонуна байланыштуу кырдаалды жеңилдетүү боюнча Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму (ЕККУ) менен Орусиянын өкүлдөрүнүн 13-январда Венадагы жолугушуусунда тараптар бир пикирге келе алышкан жок.

Бул аталган темага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы болуп саналат. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Экинчи айлампага НАТОго мүчө 30 мамлекеттин мүчөлөрү жана АКШнын өкүлдөрү катышкан.

Жолугушууларда орус тарап койгон “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтому каралды. Москва аскердик альянска “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.

Бул жолугушууларда АКШнын, ЕККУнун жана НАТОнун өкүлдөрү Түндүк Атлантикалык аскердик уюмдун кеңейишин токтотуудан баш тартышты. Орусия да бекем позициясынан кайткан жок.

Москванын делегациясын жетектеп келген Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 13-январда RTVI каналына “бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болбогондон кийин Батыш менен жаңы сүйлөшүүлөр раундун белгилештин зарылдыгы жоктугун” айтты.

НАТОго АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө. Былтыр жайда ага Украинаны кошуу маселеси каралган.

Мындан көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG